Катализаторлору жок автотранспортторго чара көрүлбөйт. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, абаны булгаган унаалардын ээлерине айып пул салынып, унаалар камакка алынышы керек.
«Катализатору жок канча унаа кармалып, айып пул салынган деген суроого эч ким жооп бербейт. Катализатордун баасы 80-100 миң сомго жетти. Бул маселени ким чечет?» — деп сурады Шайлообек Атазов.
Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев текшерүүдөн жүк жана жүргүнчү ташыган унаалар гана өтөт деп жооп берди. «Бизде катализаторлорду текшере турган жабдуулар жана мүмкүнчүлүк жок. Ал эми айыптын өлчөмүн аныктаган норма жок», — деди ал.