Бишкек. 26.09.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында «Республика Ата-Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакбаев Айлана чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигин директору Абдыкалык Рустамовго, «Киот» протоколу жөнүндө бир канча суроо узатып, бирок, директор тарабынан суроого канааттандырарлык жооп ала алган жок. Аягында депутат суроолорун кагаз түрүндө берип, жооп күтөөрүн айтып, сөзүн жыйынтыктады.