• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Депутат кен иштетүүдө ата мекендик ишканаларга артыкчылык берүүгө чакырды

6 Чын куран 202212:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кен байлыктарды иштетүүдө ата мекендик ишканаларга артыкчылык берүүгө чакырды.

Кадырбековдун айтымында, кен иштетүү боюнча тендерди дээрлик чет өлкөлүк компаниялар утуп жатканына токтолду.

«Канадалыктар биздин компанияларды жалдап иштетчү. Азыр тендерден Казакстан, Монголия, Түркиядан уткандар көбүрөөк болуп жатат. Өзүбүздүн ата мекендик өндүрүүчүлөргө артыкчылык берсек. Ушул жагынан Тенгиз Бөлтүрүктөн адилеттүү кароону суранат элем. Эгер башкаларды жалдап, тендерди башкалар утса, акча дагы деле башка жакка кете берет», — деди Кадырбеков.

Эл өкүлү 12 алтын кенди сатканда кымбат баалап, бирок үлүш албай тургандай келишим түзүлүп калганы жөнүндө маалымат алганын, аны инвентаризация кылууну жана Кумтөрдү уят болбогудай сапаттуу башкарууну сунуштады.

Количество просмотров: 80