• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат өкмөт башчыны какшыктады

13 Бугу 202012:51 Бишкек Govori.TV

Учурда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү парламентте 2019-жылдын отчетун берүүдө. Анда Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өкмөттүн отчетуна Сингапур менен Малайзиянын премьер-министрлери суктанчудай болгонун айтып какшыктады.

«Сиздин докладыңыздан кийин Махатхир менен Ли Куан Ю суктана тургандай болуп калыптыр. Алар Кыргыз мамлекетине көчүп келебиз дешпесе болду», — деди Жээнчороев.

Ага Абылгазиев: «Тилегиңиз кабыл болсун!», — деп жооп берди.

Мындан тышкары, депутат Жээнчороев 2018-жылдан бери бюджеттин киреше булагына миллиарддаган сумма түшпөй калып жатканын айтып,  өкмөттүн ишин сындады.

Количество просмотров: 317