• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Депутат: «Коопсуз шаар» эмес эле, элдин канын ичкен, жон терисин сыйрыган долбоор болуп жатат

29 Жетинин айы 202216:36 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Русланбек Жакышов билдирди.

Жакышов «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында жарандарга келип жаткан айып пул тууралуу кеп козгоп, аз суммадагы айып пулдун айынан жарандар чет жерге уча албай, билеттери күйүп кетип жатканын айтты.

«Жакында бир жараныбыз билет алып, Америкага учуп жатканда билети күйүп кетиптир. «Болбогон сумма — 3 же 5 миң сом экен» дейт. Ошол себептүү уча албай калыптыр. Бул «Коопсуз шаар» эмес эле, элдин канын ичкен, жон терисин сыйрыган долбоор болуп жатат. Урматтуу ички иштер органдары бул маселени карап, элге жардам бериш керек», — деди ал.

Депутат ошондой эле айып пулду жеринен төлөп, учуп кетүүгө мүмкүндүк түзүү керектигин кошумчалады.

Количество просмотров: 336