• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Жакышов: Төрөбаевди мактап койсом коомчулук тепкиге алды

20 Чын куран 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов билдирди.

«Ошол күнү Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына талапкерлиги көрсөтүлгөн Бакыт Төрөбаевди мактап койсом коомчулук мени тепкиге алды. Орозонун улуу күнүндө турам, Төрөбаев менен бир столго отуруп чай ичкен эмесмин. Ушул жерде 3-4 ай депутат болуп чогуу отурдук, маңдай-тескей сүйлөшкөн жокпуз. Төрөбаев буга чейин бир нече чакырылыштын депутаты болгон, мен ошону гана айткам. Ага жагынгандай Төрөбаев министр болгон жок. Премьер министр же президент эмес»,-деди ал.

Эске салсак, 30-март күнү депутат Русланбек Жакышов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына Бакыт Төрөбаевдин талапкерлиги каралып жаткан учурда айткан сөзү соцтармакта талкуу жараткан. Анда Жакышов төмөндөгүдөй айтканы бар.

«Сиз айыл чарбаны, мыйзамды, элдин көйгөйүн да жакшы билесиз, чындап келгенде, татыктуулардын татыктуу адамысыз. Татыктуу кызматка бара жатасыз. Татыктуу иштейсиз деп ишенем. Суроо бербей эле добушка өтсөк. Бул киши баардыгын үтүр-чекитине чейин билет. Бул кишинин билгенин айрым жетекчилер билбейт», — деп билдирген Жакышов.

Количество просмотров: 1487