• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Курманкул Зулушев: Алмазбек Атамбаев оозуңузга келгенди сүйлөбөңүз

11 Чын куран 2018 12:21 Бишкек Govori.TV
Бишкек 11.04.2018 Govori.TV

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты парламенттин бүгүнкү жыйынында айтты.

«Алмаз Шаршенович! Сиз алты жыл бою кыргыз элин малга теңеп, энелерди «обончу» дедиңиз. Жетишет! Эми оозуңузга келгенди сүйлөбөй,  экс-президент деген атка татыктуу болуңуз,-деди Курманкул Зулушев.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Курманкул Зулушев сот реформасын жаңы этап менен кайра баштоо зарылдыгын белгилеп, соттор адилеттиктен тайып кеткенин, адам укуктары тепселенип жатканына токтолгон. Саясий чечим, саясий өкүм деген сотто болбош керек. Сотто бир гана мыйзам үстөмдүгү, мыйзамдуу чечим, мыйзамдуу өкүм деген түшүнүк бар, деп айткан сөзүнө мурдагы экс-президент Алмазбек Атамбаев, акыркы маалымат жыйында, Зулушевди кескин сындаган.

Количество просмотров: 36