• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Кылычбаев: «Мексиканын абагында үч айлап отургандар бар»

21 Тогуздун айы 202417:30 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык жаран котормочунун жоктугунан Мексиканын иммиграция абагында үч ай отурган. Бул тууралуу депутат Алтынбек Кылычбаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, кармалган жаран анын айылдашы болуп саналат.
Эл өкүлдөрү бүгүн Кыргызстандын Чикаго шаарындагы башкы консулдун 2023-жылга жана 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата ишмердүүлүгү тууралуу маалыматын угушту.

Алтынбек Кылычбаев башкы консул Болотбек Борбиевден Мексиканын убактылуу кармоочу жайларында (иммиграция абактарында) канча кыргызстандык бар экендигин сурады. Башкы консул бул боюнча маалыматым жок деп жооп берди, анткени көрсөтүлгөн аймакка Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги жооптуу.

«Ал жерде алты ай, бир жыл жүргөн жарандар бар. 2-3 айдан бери байланышпай жүргөндөр бар. Мындай жарандарга жардам керек», — деди депутат.

Количество просмотров: 119