• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат: Кыргыз-казак чек арасында жасалма тыгын уюштургандар бар

20 Чын куран 2022 11:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-казак чек арасында Казакстанга өтүү үчүн кезекте турган машиналар арасында жасалма тыгын уюштуруп жаткандар бар экен. Бул тууралуу бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, мындай маалыматты ошол чек арадан кыйналып өткөндөр билдирген.

«Бул маселени Чек ара кызматы, Бажы кызматы артында ким бар экенин текшерип койсун. Кыргыз тарап жасалма тыгын уюштуруп, ошол жерде “үч миң сом берсең өткөрүп коем” деген жигиттер жүрөт дейт. Бул маалымат ошол жердеги кыйналган адамдардан болуп жатат. Бажы жана чек ара кызматтары ушуну текшерип койсун. Чын эле ушундай болсо уюштургандарды “каракчылык” беренеси менен жазалаш керек», — деди ал.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын 20-апрелдеги маалыматына караганда, “Ак-Тилек” бекетинде 180дей оор жүк ташуучу машина кезекте турат.

Количество просмотров: 95