• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Депутат өлкөгө киргенде талап кылынган ПЧР тесттерди алып салууну сунуштады

27 Чын куран 202210:51 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кабырбеков өлкөгө кирүүдөгү ПЧР тесттин жыйынтыгын суроону жоюу сунушун берди. Мындай пикирин депутат парламенттин жыйынында сөз сүйлөп жатып айтты.

Анын айтымында, Кыргызстан элдин алтында калды, себеби башка өлкөлөрдүн баары ПЧР тестти жокко чыгарышкан.

«Кыргызстанга келерде канчалаган жарандар ПЧР тесттин жыйынтыгы талап кылынат деп акчалары кетип жатат. Аны караган киши жок. Баягы көптөн, көчтөн калбайлы деп эле киргизип койгонбуз. Азыр Европа туристтик сезон башталды деп ПЧР тесттерди талап кылбай баштады. Бир гана биз артта калып жатабыз. Өткөндө бир министрди мактадым эле, ошону чакырып бир маалымат алалычы. Эмне үчүн ПЧР тестти талап кылуу дагы деле сакталып жатат», — деди министр.

Количество просмотров: 61