Депутат Мавлянова Кытайдан келген туристтик топторго визасыз режим киргизүү керек дейт
Депутат Мавлянова Кытайдан келген туристтик топторго визасыз режим киргизүү керек дейт
4 Тогуздун айы 201813:50 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.10.2018.Govori.TV.
Бүгүн, Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Кытайдын туристтери үчүн визасын режим киргизүү керектигин парламенттин жалпы жыйынында маселе көтөрдү.
Анда депутат Россия менен Казакстан Кытайдан топ-топ болуп келген туристтер үчүн визасыз режим киргизгенин айтып, алардын тажрыйбасын колдонуу керектигин белгиледи.
«Россия менен Казакстан 15 жылдан бери тобу менен келген кытай туристтери үчүн визасыз режимди иштетип келет. Кытай биздин жаныбызда. 30-40 турист тобу менен келсе, аны туристтик компания Кыргызстандан кайта чыгып кетүүсүнүн милдетин алып, кыдыртып, кайра узатып коюшат. Бул жерде компаниянын жоопкерчилиги абдан жогору. Биз эмне үчүн потенциалды колдонбойбуз? Мигарция кызматы, УКМК алардын баарын бул жакта калып кала турчу жаран катары көрүшөт экен. Биз башка жагын да карашыбыз керек. Кыргызстанга келген туристтердин кайта чыгып кетишин камсыз кылсак, курч көйгөй чечмекпиз. Бир жылда 5-6 миллион туристти тейлеп канчалаган киши жумуш менен камсыз болмок», — деди депутат.