• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Депутат Мавлянова: Тойдо төшү ачык көйнөктөрдү кийбегилечи?

20 Бугу 201916:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова  Facebook баракчасында  «биздин кыздар эч качан жарым жартылай жылаңач кийинген эмес»-деген оюн бөлүштү.

“Айланайын кыргыздын кымбаттуу кыздары, болочок келиндери ! Той көйнөктөрдү тандаганда төмөнкүдөй төшү, далысы ачык , чыпташып турган көйнөктөрдү албаныздарчы, кийбениздерчи. Ата-энелер ушундай той көйнөктөрүн кийүүгө уруксат бербениздерчи! Той күнү кайын журтуна биринчи көрүнөт. Ата энеси, чоң ата , чоң энелер назар салат. Кыргызда кыздар, келиндер, жарым жыланачтанып кийинген эмес, анын үстүнө үйлөнүү той күнү! Кылымдар карыткан кыргыздын улуу салттарын сактайлы. Улууларды урматтап, бир аз тартынуу менен мамиле жасоону уйротолу кыздарыбызга. Европанын өзүн алып жүрүүдөгү, кийим кийинүүдөгү демократиясы бизге туура келбешин балдар, кыздарыбызга түшүндүрүп, чыныгы кыргыздын улуу баалуулуктары менен тарбия берели!”  — деп өз оюн билдирген эл өкүлү Мавлянова.

Количество просмотров: 18