• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутат Медербек Алиев мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөөнү токтотуунун шарттарын кайра карап чыгууга чакырды

26 Үчтүн айы 202314:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр көтөрүлдү.

Алсак, депутат Медербек Алиев Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасында улгайган, ооруган, майып болгон жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон, багар-көрөрүнөн ажыраган учурларда мыйзамда каралган тартипте жана учурларда мамлекеттин эсебинен социалдык камсыз кылуу кепилденерин айтып: “Ал эми “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамынын 14-беренесинде жөлөкпулду төлөөнү токтотуунун шарттарынын 11 пункттан турган тизмеси камтылган. Ошол эле учурда, бул тизмени турмушка шайкеш келтирүү үчүн кайра карап чыгуу зарыл. Жарандардын укугу чектелип калбашы керек”, — деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 63