• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Депутат менен БШКнын төрайымы кайым айтышты

28 Теке 2021 17:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июлда парламенттин депутаттары шайлоо мыйзамдарына сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү талкуулап жатат. Жыйында Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев кайым айтышты.

Депутат Маматалиев БШКнын төрайымына кайрылып, шайлоо учурунда адилеттүү болууга чакырды.

«Менде суроо жок, бирок Нуржан Кармабековнага каалоом бар. Төрайым катары ачык-айкындуулуктун башында турган жетекчи болууңузду каалайт элем. Айрым партиялар менен депутаттар жагабы, жакпайбы баарына бирдей карап беришиңизди өтүнөм. Сиздин адилеттүү болушуңузду каалайм. Ансыз деле Бишкек шаарында айрым партиялардын мыйзам бузуулары каралбай калды. Ошол жерде керек болсо айрым партиялар кечки, түшкү тамак алып келип жатышты, аны видеокамералардан көрсө болот. Ошол партиялар акча берди деген сөз тарады. Бул нерселер келечекте кайталанбашы керек. Мындай көрүнүш келечекте кайталанбаш үчүн эпизоддорду бирдей карашыңыз керек. Бир партиянын мыйзам бузууларын бир түндө карадыңызбы, башкасын да бир түндө караңыз»,-деди депутат.

Бул арада Шайлдабекова Маматалиевди кызмат ордунан пайдаланып, БШКнын ишине кийлигишпөөгө чакырды.

Депутат Маматалиев Шайлдабековага шайлоо таза өтсүн деген максатта каалоо-тилегин айтканын кошумчалады.

«Жеке суроо берилген жок. Мен катталган фактыларды айтып жатам. Сизди күнөөлөп, дарегиңизге жеке эч нерсе айткан жокмун. Эртең шайлоо таза өтсүн деген максатта каалоо-тилегимди айтып жатам. Кайым айтышпасаңыз!»,-деди Маматалиев.

Количество просмотров: 473