• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Депутат министр Бейшеналиевди коррупцияга айыптады

3 Чын куран 2024 11:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйнында депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев боюнча билдирүү жасап, министр Бейшеналиевди «кылмыш дүйнөсүнүн мүчөлөрү менен байланышта, коррупцияга аралашкан» деп маалымат берди.

Коргонбай уулу, өзү айтып жаткан маселелер боюнча далилдери бар экенин айтып, президентке жана УКМК төрагасына кайрылды.

Кошумчалай кетсек, депутат Жусупбек Коргонбай уулу парламенттин 14-марттагы жыйынында “саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар” деп сындаган. Ал Кыргызстанда акыркы күндөрү ооруканада дарыгерлердин шалаакылыгынан каза болгондор көбөйүп жатканын билдирип, министрдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөргөн.

Ал эми министр Алымкадыр Бейшеналиев депутаттын сөздөрүн куржалаа деп атап, 27-мартта депутатты сотко берген.

Количество просмотров: 66