• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат Нарматова чет элдик агенттер боюнча мыйзам кабыл алууну сунуштоодо

10 Бирдин айы 2022 10:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн парламенттин жыйынында депутат Надира Нарматова чет элдик агенттер боюнча мыйзам кабыл алуу зарылдыгын билдирди.

Депутаттын айтымында бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан кароого киргизүү керек.

«ЖКнын 5-чакырылышынын депутаттары бейөкмөт уюмдары боюнча мыйзамы экинчи окуудан өткөндө, биздин мөөнөтүбүз бүтүп калып кетип калганбыз. Бул мыйзамды 6-чакырылыштын депутаттары комитетте карашып, бейөкмөттүн өкүлдөрү Жогорку Кеңештин түзүмүнө 20га жакын адам кирип четке кагышкан. Акыркы мезгилде көрүп жаткандай, бейөкмөттүн өкүлдөрү түрдүү багытта иштерди жүргүзүп жатышат. Ушул маселени көтөрүп чыгууга уруксат берсеңиз. Мамлекеттин тынчтыгы үчүн бул мыйзамды киргизишибиз керек. Алар бийлик бутактарына тынчтык бербей, өлкөнүн өнүгүшүнө жол бербей жатат. Биз аларга чет элдик агент статусун бермейинче, республикада тынчтык болбойт. Чет өлкөдөн каржыланган бир нече бейөкмөт уюмдар бийликти аңдып жүрөт, алар өздөрү бийликке келүүнү каалап жатышат», — дейт Нарматова.

Количество просмотров: 77