• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Кыйын: Бейөкмөт уюмдардын элге болгон жардамы

8 Теке 202518:05 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын”долбоорунун алкагында тренинг уюштуруп келет. Бул жолу өлкөнүн түндүк аймагынан келген лидер айымдар Ысык-Көлгө чогулушту. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер бар.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Окутуу тренингинен соң айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Бейөкмөт уюмдардын элге болгон жардамы» деген тема талкууланат.

Айымдар бүгүнкү эфирде бейөкмөт уюмдардын кылган иштери, алардын пайдасы жана орду тууралуу сөз кылышмакчы.

“Кыйындын”катышуучулары:

  • Перизат Багышева — Бала бакчанын директору;
  • Нуржамал Эралиева — Кумтөр эл айкын коомдук фондунун директору;
  • Зарема Урдолотова — Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты.

Кумтөр эл айкын коомдук фондунун директору Нуржамал Эралиева бейөкмөт уюмдар көбүнчө социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө жардам берип келишкенин айтып, өзүнүн ишмердүүлүгү жана бейөкмөт уюмдар деген кимдер экенин айтып берди.

«Биз өзүбүздүн тажрыйбабыздан айта турган болсок, биз 2006-жылы түзүлгөнбүз. Бул биздин региондогу «Кумтөр» компаниясынын алкагында ошол биздин фонд аркылуу беш айылга жардам болсун деп түзүлгөн. Бул биринчиден стабилдүүүлүк үчүн болгон. Биз ошол бейөкмөт кимдер деген сурооңузга мен жооп берет элем, кадимки эле кыргызстандын жарандары ошол жөн туралбаган, кайдыгер эмес жарандары, биз өзүбүздүн элибизге «ким жардам берет» эмес, «мен кантип жардам берем» дегендербиз. Мисалы биз ошондой болуп ачканбыз, командабыз менен. Азыркы күнгө чейин толук кандуу иштеп келе жатабыз. Мамлекет баарына жардам бере албайт да аларда да чектелүү система десек болот. Бул жерде боло берет деп иш жүргузбөйт, ал жакта отчёт деген бар», — дейт ал.

Ал эми Перизат Багышева бейөкмөт уюмдар аркылуу бала бакча оңдолуп, балдарга жакшы шарттар түзүлгөнүн айтып билдирди.

«Балакча жетекчиси болуп иштегендиктен бейөкмөт уюмдардын жардамын коомдук уюмдардын жардамын көп эле алдым десем болот. Бизде мисалы айта кетсем АРИС агенттиги аркылуу аябай көп долбоорлорду ишке ашырдык. Алар социалдык инфраструктураларыбызды абдан жакшыртып беришти. Анан таза суу көйгөйү, жайыт маселелерине да абдан көңүл бурушат. Алар негизи көпчүлүк эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жардам беришет. Мисалы бала бакчамды айта кетсем быйылкы эле жылда толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүп алдык ошол АРИС долбор аркылуу. Мындан башка да ар кандай уюмдар бар. Алардын бири аркылуу биздин айылда тигүү цехи ачылып, ондогон аялдар жумуш менен камсыз болушту.Бейөкмөт уюмдар бир гана материалдык гана жардам бербестен билимдерди дагы берип жатат десек болот. Ар кандай окутууларды жүргүзүшөт, мисалы күнөсканаларды куруу жана башка ушул сыяктуу окууларды жүргүзүшөт. Жанадагы биринчи ошол долбоор ишке ашыраарда же жазылаарды алар ошол долбоорду биринчи айыл өкмөттөр менен макулдашууларды жүргүзүшөт. Анан жергиликтүү эл менен макулдашуулар болот», — деди ал.

Талкууда сөз алган Кызыл-Суу айылдык кеңешинин депутаты Зарема Урдолотова бейөкмөт уюмдардын анын жашоосуна тийгизген таасири тууралуу сөз кылды.

«Бул менин жашоомдо ошол бейөкмөт уюмдардын ролу улутту десем болот. Анткени ошол 2021-жылы өзүм депутаттыкка талапкерлигимди коюп жатканда мага билим жетишпей жатканын билдим. Анан ушул уюмдар уюштуруп жаткан окуудан өтүп, өзүмө тажрыйба топтодум. Чондор деле жаш баладай болуп кайра-кайра окуп жатып билим топтойбуз да. Эсимде биринчи өткөн тренингимде сүйлөй албай кыйналгам. Ар түрдүү окуулардан өтүп жатып өзүмдү көндурдүм. Бейөкмөт уюмдардын жардамы жакшы эле тийип жатат деп ойлойм. Анткени ошол тренингди жөнөкөй айымдар төлөп окуй албаса. каражаты жетпесе ошол бей өкмөт уюмдар аркылуу окушат да», — деп билдирди ал.

Количество просмотров: 645