• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Нарматова мандат, Матраимов тууралуу…

13 Жалган куран 2024 14:53 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Надира Нарматова мандат маселеси жана Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов тууралуу Govori.TVга комментарий берди.

«Надира Нарматова мандатын тапшырып кетет экен» деген сөздү тескери маалыматтардын бири катары кабыл алдым. Себеби мандатымды тапшырганга эч кандай негиз жок. Шайлоочуларымдын ишеничин актоо максатында 24 саат бою иштеп келем. Тиешелүү мыйзамдарга салым кошуп, мамлекеттин алдында өзүмдүн депутаттык милдеттеримди так аткарып келе жатам. Депутаттык мандат «каалган адам кетип кал!» десе эле кетип кала турган нерсе эмес»,-дейт Нарматова.

Мындан тышкары Нарматова Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун айланасындагы жагдайлар боюнча төмөндөгүлөрдү кошумчалады.

«Өзүңүздөр билесиздер Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго жармаштырып, мандатын тапшырсын деп жүрүшөт. Кыргызстандагы 99% саясатчы, чиновниктердин баардыгы Матраимовду таанышат. Ал бала кыргыздын жөнөкөй баласы эмес, коронавирус учурунда элге жардам бергени реалдуу жашоонун чындыгы. Ал өз убагында каражатты кайдан алганы мени кызыктырбайт. Бирөөнүн чөнтөгүн эсептегенге укугум, акым да жок. Ошондуктан майда-чүйдө Матраимовду тааныган бизге окшогон «чабактар» жооп бербей, бул баштан ылдый карап кетиш керек. Себеби Матраимовду таанып, чай ичип жүргөндөр катардан турат. Тойлоруна баргандар бар»,-деди Нарматова.

Количество просмотров: 347