• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Кыйын: Бейөкмөт уюмдардын пайдасы кандай?

16 Чын куран 2024 16:12 Бишкек Govori.TV

Президент Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга 2-апрелде кол койгон. «Чет элдик өкүл» деп таанылган бул талаштуу мыйзам долбоору 14-мартта парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган.

Мыйзамда айрым жарандарга “чет элдик өкүл” деген макам берүүгө жол ачылат, кошумча отчёттор талап кылынат. Маселен, алар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы тууралуу тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын, ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт бериши керек.

Бир катар эл аралык уюмдар, бир нече өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар, АКШ баштаган Европа өлкөлөрүнүн элчиликтери мыйзамдын кабыл алынышына тынчсыздануусун билдирген.

Бүгүн «Кыйын» ток-шоусунда «Бейөкмөт уюмдардын пайдасы кандай?» деген тема талкууланмакчы.

Катышуучулар:

  • Бүбүсара Рыскулова — укук коргоочу, «Сезим» кризис борборунун жетекчиси;
  • Укей Мураталиева — активист, «Назик кыз» коомдук фондунун жетекчиси.

Модератор, Кайыргуль Урумканова.

Количество просмотров: 176