• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Депутат Насыр Мусаев мандатын тапшырды

5 Аяк оона 2019 16:30 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештеги «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Насыр Мусаев мандатын тапшырды.

«Кыргызстан» фракциясынын лидери Алмазбек Баатырбековдун айтымында Мусаев бүгүн БШКга депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арызын берген. Ал эми БШК азырынча арызды карай элек.

Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин Кыргызстан фракциясынын депутаты Насыр Мусаев сессиянын жыйналыштарын жүйөлүү себептерсиз 40тан ашуун жолу  калтырганы кызуу талкуу жараткан.

«Говори ТВ» мультимедиалык агенттиги Н. Мусаевдин маселеси боюнча ЖКга кайрылган. Аппарат башчынын орун басары А. Жапаров учурда Н. Мусаевдин жүйөлүү себептерсиз ишке келбеген убактысы  46 күнгө чамалаганын тастыктады.

 Ал эми «Кыргызстан» фракциясынын бөлүм башчысы Аманкул Токтогулов  Жогорку Кеңештин Регламент боюнча комитетине кат жолдонгонун белгилеген эле.




Количество просмотров: 28