Окуучулар өз ойлорун тартынбай ачык айтып, бизди таң калтырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов билдирди.
Анын айтымында, Балдардын укугу жөнүндө конвенциянын 30 жылдыгына арналган парламенттик сессияда окуучулар курч маселелерди ортого салган.
“Балдардын укугу жөнүндө конвенциянын 30 жылдыгына арналган парламенттик сессияга баардык региондон келген окуучулар катышты. Балдар өз ойлорун тартынбай айтып, бизди таң калдырды. Ошондой эле окуучулар өлкө аймагындагы мектептерде компьютердик класстардын жоктугун, учурда кээ бир мектептердин суук экенин белгилешти. Эл өкүлдөрү мындай маселелерди көтөрүп, шарт түзгөнгө аракет кылабыз”,-деди Алмазбек Эргешов.
Мындан сырткары, эл өкүлү аталган сессияда окуучу кызды эч ким таарынтпаганын билдирип, ал өзүнүн мектебиндеги медайымдын балдарга салган уколу үчүн акча алып жатканы тууралуу айтып жатканда залдагылар күлүп, кол чаап жиберишкендиктен толкунданып ыйлап жибергенин кошумчалады.