• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Депутат Онкологиянын жетекчисине: «Эл жатканга орун жок, а сиздин мурдагы аялыңызга ижарага бергенге орун бар»

17 Жалган куран 202512:43 Бишкек Govori.TV

Улуттук онкология жана гематология борборунда трепанобиопсия бөлүмү тийиштүү жабдыктар менен камсыз болгон эмес. Бул тууралуу борбордун директору Нурбек Букуев бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында.

Депутат Айсулуу Мамашова борбордун имаратында ижарага жер алып, ишмердүүлүк жүргүзгөн жактардын арасында Букуевдин мурдагы жубайы бар экенин айтып, ал жүргүзгөн трепанобиопсия изилдөөсүн борбордо жүргүзүү мүмкүнчүлүк жокпу деген суроо узатты. Депутат Букуевдин жубайы көпкө чейин куулбай, борбордун имаратында ишмердүүлүгүн жүргүзгөнү шек жаратканын белгиледи.

Нурбек Букуев Онкология борборунун имараты Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин карамагында экенин айтып, ижара келишими алар менен түзүлөрүн белгилеп, анын бул ишке тиешеси жок экендигин кошумчалады.

Количество просмотров: 1450