Министрлер кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык оюн түрлөрү жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча «Жаштык» дирекциясына жаңы директор болуп Келдибек Бакиров дайындалды.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, Келдибек Бакиров бул кызматка үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалып, бүгүнтөн тартып милдеттерин аткарууга киришти.
Жаңы жетекчини жамаатка агенттиктин Спорттун жогорку жетишкендиктерин талдоо жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Эрмеков тааныштырды.