• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат Ормонов: Түндөгү жер титирөө боюнча так, туура маалымат беришсин

23 Үчтүн айы 2024 13:22 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-январда ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйыны учурунда депутат Улугбек Ормонов түндө болгон жер титирөө тууралуу сөз козгоду.

Депутаттын айтымында, жер титирөө тууралуу ӨКМ менен Сейсмология институту эки башка маалымат беришти.

Белгилей кетсек, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн түнкү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл, Каракол шаарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 211