• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Депутат Садык Шер: Ак калпак сунушу бул «патриотизимди камчы методу менен камчылап өнүктүрүү дегенди билдирет» (видео)

9 Үчтүн айы 2018 17:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.01.18.Govori.TV

Депутаттар  Экмат Байпакбаев жана Субанбеков кыргыздын улуттук баш кийими болгон  ак калпакты өлкөнүн башка улуттук символдору – мамлекеттик туу, герб жана гимнге теңөөнү сунушташып, бул сунуш коомдук талкууга коюлду.

Президент, министр, депутаттардын ак калпак кийсин деген сунуштары боюнча  эл өкүлү Садык Шер төмөнкүгө токтолду.

Депутат Садык Шер:»Бул патриотизимди камчы методу менен камчылап өнүктүрүү дегенди билдирет»

«Бул патриотизимди камчы методу менен камчылап өнүктүрүү дегенди билдирет. Улуттук намысты ушундай өнүктүрүүдөн мен кызыктыруу методу менен өнүктүрүүгө жакынмын. Чынында улуттук патриоттуулукту өнүктүрүүдө ар кандай  механизимдер көп.  Мисалы мамлекет кыргыз тилин өнүктүрөбүз деп бюджеттен миллиондогон акчаны кетирип жатат. Ошол эле учурда ага салыштырмалуу “Айтыш” фонду кыргыз тилибизди өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп келет. Эч кимди жолдон кармап алып, сен кыргыз тилин билесиңби же билбейсиңби деп сурабай эле тилибизди өнүктүрүүгө салымын кошуп келет. Анысы сыңары ошондой эле методдорду колдонсо болот. Бул маселе учурда коомдо ар кандай реакцияны жаратып жатат»- деген ойдомун.

Ошол эле учурда бул маселени көтөрүп чыккандардын бири депутат Эрмат Байпакбаев фейсбук баракчасына түз эфирге чыгып, бул сунуштары боюнча толуктап дагы бир жолу маалымат берди.

 

 

Количество просмотров: 14