• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Депутат Самыйкожо: Өкмөт мүчөлөрүнө суроо берүү үчүн түнү менен даярданам

6 Аяк оона 2023 14:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында эл өкүлдөрү Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев менен Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүловдун ортосундагы чатакка өзүлөрүнүн жеке пикирлерин айтышты.

Ал эми жыйында сөз алган депутат Мирлан Самойкожо кесиптештерин популизмге барбоого чакырды.

«Биз депутатпыз, мандатыбыз бар, бизди эл шайлаган. Бирок биз ушуга эсирбешибиз керек. Азыр бир депутатыбыз айтып кетти, популисттик менен кызмат кылып жаткандарга карап көрөлү депчи. Мисалы, өкмөттүн мүчөлөрү келгенде эки суроо берсек да башкасын айтпай эле коеюн өзүм аябай даярданам. Түнү менен даярданам, бир тантып албайын, чекилик кылбайын, ошол жерлен туура эмес суроо берип албайын… Анткени өкмөттүн ар бир мүчөлөрү 20-30 жылдап бизден көп иштеген инсандар. Биз өзүбүз туура пиар кылганды үйрөнушубүз керек», — деди ал.

Количество просмотров: 196