Бишкек.23.05.2019.Govori.TV.
ЖКнын депутаты Марат Аманкулов Бишкек шаарында жайгашкан оюн-зоок аттракциондорун текшерип чыгууну жалпы жыйындын отурумунда көтөрдү.
«Аттракцион- бул татаал техникалык жабдык. Аны пайдалануу тартибинин регламенти, нормативдик-укуктук акт Бишкектин аймагында 2016-жылдан баштап гана ишке кирген. Мыйзамга ылайык, актынын күчү буга чейинкилерге тиешелүү эмес», -деди депутат.
Белгилей кетсек калаадагы аттракциондордун 80 пайызы 30 жылдан бери иштеп келет.