• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Депутат шайлоого катышпаган жарандарга айып салууну сунуштады

14 Теке 2023 9:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттик жана ЖК депутаттарын шайлоого катышпаган жарандарга 5 миң сомдон айып салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Максаты — жарандардын шайлоолордо жана референдумдарда өздөрүнүн бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылуу. Жүйөлүү себеби бар адамдар гана айыпка жыгылбайт.

Икрамов шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн болуп жатканын белгилеп, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өткөн шайлоону мисал келтирген.

«Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир мандаттуу шайлоого 15 миллион 413,9 миң сомго жакын каражат сарпталды. Бирок шайлоого 124 908 адамдын 17 423ү гана добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 13,95% түзөт. Эгерде чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар жана мындай эреже көптөгөн адамдардын шайлоолорго катышуусун камсыздайт. Мисалы, Түркияда болуп өткөн президенттик шайлоонун тажрыйбасын карасак, анда 64 миллион 145 миң 504 шайлоочунун ичинен 55 миллион 835 миң 895 адам добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 87 пайызынан ашыгын түзөт. Жогоруда айтылгандардын негизинде, шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча каражаттарынын негизсиз ысырап болушуна алып келерин белгилесек болот. Мына ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актыларга жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл»,-деп жазылат долбоордун маалымкат-незиздемесинде.

Количество просмотров: 88