• Шейшемби 5 Бештин айы 2023
  • Вторник 5 Декабрь 2023

Депутат шайлоого келгендерге жол кире менен интернетти бекер кылууну сунуштады

2 ноября 2023 в 14:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков шайлоого катышкандарга бир айлык жол кирени бекер кылып, акысыз интернет берүүнү сунуштады.

Анын айтымында, мындай чаралар шайлоочуларга добуш берүүгө катышууга стимул болот.

«Ыкманы шайлоого көп келбеген студенттер, пенсионерлер же башка жарандарга колдонсок»,-деди ал. 

Самаков биринчи бир аймакка эксперимент кылып көрүү керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеш Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын 2021-2022- жылдар үчүн баяндамасын укту.

Количество просмотров: 114