• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Депутат Самаков Заманбап Кыргызстандын жылын жарыялоону сунуштады

26 Тогуздун айы 2023 11:40 Бишкек Govori.TV

Депутат Кубанычбек Самаков 2024-жылды Заманбап Кыргызстандын жылы деп жарыялоону сунуштап жатат. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл депутаты келерки жыл республика үчүн юбилейлик жыл экендигин белгиледи.

«14-октябрь 1924-жылы РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялык областы түзүлгөн. Ошондо кыргыз эли мамлекеттүүлүктү калыбына келтирүүгө киришкен. 1-февраль 1926-жылы автономиялуу аймактан биздин статусубуз автономиялуу республикага көтөрүлгөн. 1936-жылы 5-декабрда биз толук союздук республика болуп калды. 31-август 1991-жылы Кыргызстан көз карандысыз өлкө болгон. Кыргызстан 100 жылдык өнүгүүсүндө олуттуу жетишкендиктерге жетишти. Айрымдар айтышы мүмкүн «майрамдачу учур эмес» деп. Менин оюмча, 2024-жылы биз үчүн майрамдачу жыл эмес, отчёттук жыл болууга тийиш. Ар бирибиз: президенттен баштап катардагы жарандарга чейин, улуу муундан баштап өспүрүмдөргө чейин элибиз кандай татаал жана дем берүүчү жолду басып өткөнүн эстегидей болсун. Элибиз карытып отурган кылымды талдап чыгалы. Бул жыл бизге майдачыл болбой, күнүмдүк саясаттан жогору көтөрүлгөнгө түрткү берет. Шашма, тар көз караштан арылтат. Алдым-жуттумдан арылтып, бийик максаттарга багыттайт. Замандаштарбызды элибиздин тагдырына кеңири, тарыхый көз карашта кароого чакырат. Бүгүн бизге инвестициялар менен гранттардан да керектүү болгон нерсе бул — тарыхый процесстердин маңызын терең түшүнүү», — деди депутат.

Количество просмотров: 211