• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Депутат Спорт агенттигин түзүүнү сунуштады

5 Аяк оона 202414:00 Бишкек Govori.TV

ЖК депутаты Талайбек Масабиров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Дене тарбия жана спорт департаментине өз алдынча ведомство статусун берүүнү сунуштады.

Ал ата мекендик спортчулардын акыркы Олимпиада оюндарындагы жана Испаниядагы дүйнө чемпионатындагы жетишкендиктерин белгиледи.

«Департаментти агенттикке өзгөртүүнүн убагы келди. Коңшу өлкөлөрдө департамент — бул район жана облустардын деңгээли. Дене тарбия жана спорт департаментин Маданият министрлигинен бөлүп, Спорт агенттиги катары трансформациялоо керек», — деди депутат.

Количество просмотров: 53