• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Депутат Сулайманов президенттин сынына жооп берди

4 Бирдин айы 202612:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 4-февралдагы жыйынында сөз алган депутат Кундузбек Сулайманов менчик автомектептердин маселесин айткан депутаттардын аракети популизм катары сыпаттоо туура эмес экенин айтты.

“Биздин негизги милдетибиз элдин үнүн бийликке жеткирүү. Биз айткандан аткаруу бийлиги жыйынтык чыгарышы керек. Жок дегенде элдин нааразылыктарын эске алуу менен мамиле кылуу керек. Биздин айткан сөзүбүздү, элдин үнүн популист катары кабыл алсак, анда кандай болот? Жакында бул тармакта иштеп кеткен адам катары мен да айдоочулукка он ай окутууну көп деп айттым эле. Бул менин эмес, элдин айткан ою”, — деди Сулайманов.

Эске салсак, Садыр Жапаров кечээ депутаттарды бул маселени айтууда жети өлчөп, бир кесип, популизмден оолак болууга чакырган.

Количество просмотров: 360