• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Депутат Сулайманов жардамчысын лицейге директор кылып дайындоону суранганы айтылды

10 Бугу 202213:14 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты жардамчысын директор кылып дайындоону суранып министрге кайрылганы бүгүн 10-майда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев ага мындай өтүнүч менен депутат Кундузбек Сулайманов кайрылганын айтып чыкканын бир катар маалымат агенттиктери жазышты. Алар билдиргендей, депутат иштей албаган министрди беш күн да кармоонун кереги жоктугун айткан.

«Мага айтылган сындар боюнча, эмне үчүн мындай кылып жатканыңыздын чоо-жайын ачыктагым келет. Бул теманы сиз козгоп жаткандан кийин. Мен министр болуп дайындалгандан кийин жардамчыңызды Токтогул районундагы №39 кесиптик лицейге директор кылып дайындоону сурангансыз. Мен аны дайындабаганым үчүн мени эл алдында сындап жатасыз. Мен министр болуп келдим, бул тармакты президент мага тапшырды. Жеке мага карата сын пикириңиз болсо, мага жекече айтыңыз. Эл алдында айтсаңыз, мен да сиздердин маселени эл алдында ачык айтам. Жардамчыңыз квалификациялык критерийлерге ылайык келген жок. Ал сиздин жеке жардамчыңыз болгон. Мен аны дайындай алган жокмун, кечирим сурайм», — деген министр.

Депутат министрдин ишин окуу жайдын көйгөйлөрүн жеринен барып көрүп келгенден кийин сындап жатканын, жардамчысын элдин пикирин эске алуу менен сунуш кылганын, башка кызыкчылыгы болбогонун, жардам бергиси гана келгенин, жаман ою жоктугун билдирди.

«Аны калктын пикирин эске алуу менен сунуштадым. Башка кызыкчылык жок болчу. Мен сизге жардам бергим келди, менде эч кандай жаман ойлор жок», — деп жооп берди Сулайманов.

Количество просмотров: 742