Депутат Султанбай Айжигитов: «Силер коомду, президентти адаштырып жатасыңар»
Депутат Султанбай Айжигитов: «Силер коомду, президентти адаштырып жатасыңар»
14 Тогуздун айы 202415:38 Бишкек Govori.TV
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Экономика жана коммерция министрлигин жалган маалымат берип жатасыңар деп алардын дарегине олуттуу сын айтты.
«Силер бүт коомчулукту, аны менен бирге президентти дагы адаштырып жатасыңар. Бизде жылына 32 пайыз менен өсө турган шарт жок, бул мүмкүн эмес. Реалдуу өсүш 5 пайыз болсо, тактоо менен 6 пайыз болушу мүмкүн.
Силер мындай көрсөткүчтөрдү берсеңер, мамлекеттин бардык чечимдери туура эмес болуп калат. Биз бекиткен пландар аткарылбай калып, элибиз мындан дагы жаман жакырчылыкка дуушар болот», — деди депутат.