• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Депутат Сурабалдиева ишин эмнеден баштайт?

16 Жалган куран 202215:46 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 16-мартта Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева ант берип, ыйгарым укуктарына киришти.

Анын айтымында, алдыда кыла турчу иштер көп жана талаш-тартышка көңүл буруунун мезгили эмес.

«Алдыда бир топ маселелер бар. Элдин жашоосун оңдоого багытталган иштерди жасоо керек. Шайлоого аттанганда жарандар менен пикир алышууда чогулган бир катар маселелер бар. Өкмөттө вице-премьер болуп иштеген тажырыйбам бар, ошого таянып, курулай сындар менен эмес биригип чечим чыгаруу үстүндө иштейбиз», — деди ал.

Белгилей кетсек, № 27 Биринчи май бир мандаттуу шайлоо округунда өткөн шайлоодо Эльвира Сурабалдиева жеңишке жеткен. Борбордук шайлоо комиссиясы Сурабалдиевага депутаттык күбөлүк жана төш белгини 11-мартта тапшырган.

Количество просмотров: 231