• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Депутат Сурабалдиева: Мэр парламентке келгенден коркуп жатат окшойт

23 Бугу 202216:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-майда бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйында депутат Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Жогорку Кеңешке келбей жатканын айтып чыкты.

Анын айтымында, мэр ЖКга бир нече жолу чакырылган.

«Биз мэрди Жогорку Кеңешке чакырганбыз. Ал парламентке келгенден коркуп жатат окшойт. Мен жакында эле өзүнө жолугуп, аны депутаттар көргүсү келип жатканын дагы айткам. Биз анчалык деле коркунучтуу эмеспиз. Ага айтып койгулачы», — деди Сурабалдиева.

Количество просмотров: 185