• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат Токторбаев: Ворухка жол салууга каршымын

3 Бирдин айы 2022 15:46 Бишкек Govori.TV

Ворухка жол салууга каршымын. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев билдирди.

«Депутаттар Төрт-Көчө аймагына барып, эл менен жолуктук. Жергиликтүү тургундарын эң башкы көйгөйү чек ара маселеси. Аны чечип бергиле деген суранычтар көп болду. Ошол эле учурда № 39 протокол боюнча көп суроолор жаралды. Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берип, коңшу өлкөгө эч кандай жер берилбей тургандыгын белгилешти. Кыргызстандагы Ворух анклавына бара турган жолдун мамлекеттик статусун аныктап, андан кийин жолду куруу маселеси карала турганын айтышты. Бирок мен Ворухка жол салууга каршымын. Себеби Лейлекте жүрүп, географиялык абал менен тааныштым. Ал жерде тажик бийлигинин саясаты башкача экен»,-деди депутат Токторбаев.

Количество просмотров: 462