• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралдыбы?

2 Жетинин айы 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовдун мандаты боюнча маселе жаралганын, анын тарапташтары делген бир нече адам күч органдарына суракка чакыртылганын «Азаттык»  ишенимдүү булактарына таянуу менен жазды.

Маалыматта, Атазовго тиешелүү делген иш Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте экени жана УКМКдан маалымат алууга мүмкүн болбогону жазылган.

Ал эми Атазов суракка баргандардын ага тиешеси жок экенин билдирген.

“Кайсыл шайлоо экенин да айтышкан жок. “Атазовдун балдары” деп экөөнү кармашыптыр. Тактасам мыйзам боюнча бизге тиешеси жок экен. Бирок мага көрсөтмө бер деп бирөөнү кармап жүрүшүптүр. Алар жолдо көрүшкөндө учурашып жүргөн балдар. Бизде мыйзамды үгүтчү катары каттоодон өтпөгөн, иштеген балдарды эмес, жүгүрүп жүргөн балдарды кармашкан окшойт. Шайлоо бүткөндөн кийин 2 миң сомду бири-бирине берди деп бир нерсени мойнуна илип атыптыр. Алар “андай болгон эмес” деген көрсөтмө берип чыгышыптыр. Биз менен иштешпегенин да айтышыптыр. Азырынча мени суракка чакырышкан жок”,-деген ал.

Азырынча Атазовго байланышып, кошумча комментарий алуу мүмкүн болгон жок.

Кошумчалай кетсек, Шайлообек Атазов 2022-жылы Бишкектин Сведрлов районундагы кайра шайлоонун жыйынтыгы менен мандат алган.

Количество просмотров: 1899