Жогорку Кеңешитин депутаты Кундузбек Сулайманов Россия Федерациясынын президентин шайлоону өткөрүүнүн жүрүшүнө КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын атынан эл аралык байкоочу катары катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.
Депутат Кундузбек Сулайманов КМШ ПААнын байкоочуларынын миссиясынын курамында шайлоо участкаларында болуп, добуш берүү өнөктүгүнүн жүрүшү менен таанышты.
Эскерте кетсек, Орусияда президенттик шайлоо 15-мартта башталган. Өлкө баш мыйзамына ылайык ал үч күнгө созулуп, 17-мартта жыйынтыкталды.