Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Турусбеков Ысык-Көлдү үчүнчү ирет сүзүп өттү. Бул тууралуу маалыматты депутат Фейсбуктагы баркчасына жайгаштырды.
Маалыматка караганда, 8-август күнү катышуучулар көлдүн тескейиндеги Тоң районунун Кара-Талаа айылынан күңгөйдөгү Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылына чейин сүзүп өтүшкөн. Жарышта депутат Бактыбек Турусбеков 14 чакырым аралыкты 5 саат 27 мүнөттө сүзүп өтүп, марага биринчи жеткен.
Турусбеков Ысык-Көлдү алгачкы ирет 2018-жылы, андан кийин 2019-жылы сүзүп өткөн болчу.