• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутат: “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” кеңсенин ижарасы үчүн 50 миң доллар төлөйт

15 Кулжа 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

«Ата-Журт-Кыргызстан» фракциясынан депутат Жеңишбек Токторбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында Финансы министрлигинин алдындагы «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдинг компаниясынын жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктүн Бишкектин борборунда кымбат баалуу офисте отурганын сындады.

Анын айтымында, аталган холдингдин Бишкектеги жаңы офиси Панфилов-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашып, айына 50 миң доллардын тегерегинде ижара акысын төлөшөт.

«Бөлтүрүккө чейин компания «Учкундун» имаратында жайгашкан. Азыр алардын кеңсеси Бишкектин так ортосунда, Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан. Менин балдарым айына 50 миң доллар төлөшөрүн билишкен. Бул абдан кымбат», — деди Токторбаев.

Ал мындай кадамды туура эмес деп эсептейт. Мамлекеттин карамагындагы бош турган имараттардын бирин колдонуп, бюджеттин акчасын үнөмдөөгө чакырды.

Количество просмотров: 901