• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Койго 100, жылкыга 250 сом. Мал салыгына эл өкүлдөрү эмне дейт?

24 Бугу 2023 13:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев мал-жандыкка салык салуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.

Ага ылайык, эгер бир үй-бүлө 40 койдон жана эчкиден, үч баш бодо малдан жана эки жылкыдан ашык мал кармаса салык төлөөгө милдеттендирилет. Мисалы, эгер коюнун саны 41 болуп калса бирөө үчүн эмес, 41ине тең салык төгөт. Салыктын ставкасын жылына бир кой-эчкиге 100 сом, бодо мал менен жылкыга 250 сомдон белгилөө сунушталды.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынса, айыл өкмөттүн бюджетине каражат түшүп, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө, атап айтканда, ветеринардык врачтар менен камсыз кылууга, малды өз убагында эмдөөдөн өткөрүүгө, жайыттарды жана жайыт инфратүзүмүн жакшыртууга ж.б. жумшалмак. Чогулган каражаттардын 100 % жергиликтүү бюджетке түшөт.

Деген менен депутаттын сунушу коомчулукта нааразы пикирлерди жаратып жатат. Мал салыгына эл өкүлдөрү эмне дейт?

Количество просмотров: 502