• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Депутат вице-спикерлерге да кызматын тапшырып кетүүнү сунуштады

5 Тогуздун айы 2022 12:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кызматын тапшырып жатканын билдирди. ЖК жыйынында сөз сүйлөгөн Мамытов чечимди жеке өзү кабыл алганын жана өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүүнү кабыл алганын айткан.

Андан соң айрым депутаттар сөз сүйлөп төраганын чечиминен улам жаңы төрага дайындоо маселеси тууралуу сөз кылышты.

Ал эми депутат Русланбек Жакышов төраганын орун басарларын да кызматтан кетүүгө чакырды.

«Мамытов өз арызын берди, аз иштети бирок так иштеди. Эми өз каалоосу экен, төрага кызматын тапшырып кетти. Мындан улам жанындагы 3 орун басары да кызматын тапшырып, бир команда болуп чоогу келген соң төраганы колдоп бирге кетсеңер туура болот го деп ойлойм. Анан төраганы кетирип коюп калып калган адилеттүү болбой калат го», — деди депутат.

Количество просмотров: 794