Бүгүн, 2-апрелдеги Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча 75 адамдын каты парламентке кантип түшкөнү тууралуу маалымат берди.
Анын айтымында, ал төрагалык кызматка киришкенден кийин биринчи эле иш күнүндө бул маселеге байланыштуу териштирүү жүргүзгөн.
“Менин тескемем менен комиссия түзүлүп, кагаз бул жакка кантип келип, Конституциялык комитетке чейин жеткенин аныктап чыккан. Анын жыйынтыгы ИИМге берилип, тергөө иштеп жатат. Чын-чынына келгенде ал кат Жогорку Кеңешке келип-келе электе эле бул жактан күтүп, тосуп алышкан. Негизи кат депутатка болсо депутатка, төрагага болсо төрагага болуп өз жолу менен кетет. Бирок ал катты мурдагы төраганын жардамчылары колуна алып барып беришкен. Андан соң ал тиешелүү комитетке түшкөн”, — деди ал.