• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алды

3 Бугу 2023 10:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы кызматтан алуу боюнча “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын сунушун карады.

Жыйында депутат Адахан Мадумаров Акыйкатчынын өзүнө сөз берип, анын да пикирин угууга чакырды.

«Бир эле фракция келип кызматтан кетсин десе эле кызматтан алып салабызбы?», — деген суроо салды.

Ага жооп берген ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Атыр Абдрахматованы расмий чакыртылганын айтып, бирок келбей когонун билдирди.

Ал эми депутат Дастан Жумабеков Акыйкатчыны кызматтан алуу тууралуу өзүнчө мыйзам бар экенин айтты. Депутат эгер аны кайсы бир фракция кызматтан алуу сунушун берсе демек комиссия түзүлүп иликтөө жүрүшү керектигин айтты.

Жыйынтыгында Акыйкатчыны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алуу сунушу добушка коюлуп аны 50 депутат колдоого алса 5 депутат каршы добуш берди.

Парламент 19-апрелдеги жыйынында Акыйкатчынын жылдык отчетун канааттандырарлык эмес деп тапкан.

Ал эми “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Акыйкатчы тарабынан айрым мыйзамдардын ченемдери аткарылбагандыгын жүйө келтирип, Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизген.

Абдрахматова бул кызматка 2022-жылдын март айында дайындалган.

Количество просмотров: 1241