Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын энергетика министри Ибраев Таалайбек Өмүкеевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал эми президенттин дагы бир Жарлыгы менен Алтынбек Рысбеков энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Рысбеков Алтынбек Дурусбековичтин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.