• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жогорку соттун төрайымы Бакированын ордуна Жапаровдун жактоочусу келеби?

31 Үчтүн айы 2022 18:34 Бишкек Govori.TV


Жогорку соттун төрайымы Нүргүл Бакированын ордуна президент Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон Замирбек Базарбеков келет. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга жарыяланып, талкуу жаратты.

Маалыматты тактоо иретинде президенттин басма сөз кызматына байланышканыбызда президент Жогорку соттун төрайымын кызматтан бошотуу боюнча Жарлыкка коё электигин белгилеп, Базарбековдун талапкерлиги боюнча кабары жок экенин билдирди.

Белгилей кетсек, Замирбек Базарбеков буга чейин президент Садыр Жапаровдун жактоочусу болгон. 1989-жылдан тартып прокуратура жана адвокатура тармагында иштеп келген. 2001-жылы ал Сотторду тандоо кеңешинин башчысы болуп дайындалган. Бирок коомчулуктун сынына кабылгандан кийин отставкага кеткен.

2020-жылдын декабрь айында ал Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалган.

Количество просмотров: 1183