• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Депутаттар бир айлык маянасын Баткенге которот

17 Аяк оона 2022 21:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары бир айлык маянасын Баткен облусунун тургундарына жардам катары которот. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

«Жогорку Кеңешинин депутаттары бир айлык маянасын мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам катары которот. Ал эми Жогорку Кеңештин Аппаратынын кызматкерлери эки күндүк эмгек акысын берет»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке акыркы маалымат боюнча 9 млн. 862 миң сом чогулду. 

Количество просмотров: 470