Бишкек. 30.01.2019. Govori.TV
Депутаттар “дем албай”туруп бийликтин кишисин шайлады
Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочулар Кеңешине талапкер Чынар Капарованын 79 добушун жокко чыгарып, 5 саат тартышып отуруп, 77 добуш менен Атыргүл Сарыбаеваны шайлашты.
Кошумчалай кетсек, КТРКнын байкоочу кеңешине талапкер Атыркүл Сарыбаевага добуш бересиңер деген көрсөтмө келип түшкөнүн “Govori.TV.” маалымат агенттигине өздүк булактар кабарлаган. Атын атагысы келбеген айрым депутаттар маалыматты тастыктаган.