• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзам долбоорун артка кайтарды

28 Жетинин айы 2018 14:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 28.11.2018. Govori.TV
Бүгүн, 28-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Гүлшат Асылбаева «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзам долбоорун «базар» кылып жатасыңар» деген пикирин билдирди.
Ал Экономика министрлигине аталган мыйзам долбоору жарабай турганы мурда эле эскертилгенин айтты.
«Бул мыйзамды жарым жылдан кийин кайрадан алып келип жатасыңар. Эмнеге бул мыйзамды киргизип жатканыңарды өзүңөр билбейсиңер. Кандай пайда алып келет?» — дейт депутат.
Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров «Мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берүүнү суранды.
Депутаттардын басымдуу бөлүгү аталган мыйзам долбоору чала иштелип калган деген жыйынтыкка келишип, кайрадан иштеп чыгуу керектигин айтышты.
Количество просмотров: 26